Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VII чакырылыштагы) кезексиз ХХI- сессиясы
2018-жылдын 13-декабры № 21/4
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 12.12.2018ж. № 1-12/918 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары шаардык мэриясынын 12.12.2018-жылдагы № 1-12/918 кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы «Искусство» мектебинин имаратын жана борборлоштурулган китепкананын жер аянттарын бекитип берүү жөнүндө карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы «Искусство» мектебинин имараты 0,17га жана борборлоштурулган китепкананын 0,18га жер аянттарын бекитип берилсин.
2. Мамлекеттик актысын жана техпаспорторун алуу жагы маданият бөлүмүнүн жетекчиси А.Кунанбаевге жүктөлсүн.
3. Көк-Жаңгак шаарындагы Железнодорожный көчөсүндөгү имаратын жана 0,08га жер аянты менен Сузак райондук соц.фондун кайрылуусунун негизинде Көк-Жаңгак шаарынын муниципалдык менчике өткөрүлүп берилсин жана КМДнын балансына алынсын.
4. Көк-Жаңгак шаарынын муниципалдык реестрине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.
5. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б.Маткаримов |