Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VII чакырылыштагы) кезексиз ХХI- сессиясы
2018-жылдын 13-декабры № 21/5
«Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары 2018-жылдын жыйынтыгы менен «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштарды угуп талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамы төмөнкү атуулдарга ыйгарылсын:
-Аширбаев Каныбек Асанович-Көк-Жаңгак шаарынын тургуну, Жалал-Абад шаарындагы № 3 Р.Санатбаев атындагы балдар жана өспүрүмдөр олимпиадалык даярдоо спорттук мектебинин машыктыруучусу;
-Алимбаев Мирланбек Кубанычбекович- Көк-Жаңгак шаарынын имам-хатиби.
-Шерматов Таалайбек Эрмекбаевич- Көк-Жаңгак шаарынын тургуну.
2. «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамын алган инсандарга, күбөлүк жана башка керектүү жасалгаларды даярдап берүү жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңешине тапшырылсын.
3.Токтомдун аткаруулусун уюштуруу жана камсыздоо жагын өзүмө калтырам.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б.Маткаримов |