Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VII чакырылыштагы) кезексиз ХХII- сессиясы
2018-жылдын 24-декабры № 22/5
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 19.12.2018ж. № 1-12/957 каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары шаардык мэриясынын 19.12.2018-жылдагы № 1-12/957 кайрылуу катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 17.10.2018ж. № 01-18/126 буйругун аткаруу максатында «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобону бекитүү жөнүндө» карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаардык мэрия тарабынан иштетилип чыккан Көк-Жаңгак шаарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобосу бекитилсин.
2. Көк-Жаңгак шаарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын сандык курамы 9 мүчөдөн бекитилсин.
3. Көк-Жаңгак шаарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын курамы төмөнкүдөй бекитилсин:
Акумбаева Мээрим Рысбековна- Көк-Жаңгак шаарынын мэриянын
аппарат жетекчиси;
Усенов Кадыржан Атабекович- Көк-Жаңгак шаарынын депутаты;
Укембаев Аксубай Зулпукарович- Көк-Жаңгак шаарынын депутаты;
Байдавлетов Заирбек Максатбекович- Көк-Жаңгак шаарынын депутаты;
Хатамова Айнура Муйдиновна- Көк-Жаңгак шаарынын
мэриясынын социалдык маселелер
боюнча башкы адиси;
Камбаров Жакып Таджибаевич- Көк-Жаңгак шаарынын
мэриясынын өнөр жай, курулуш,
коммуналдык чарба иштер
боюнча башкы адиси;
Карабаев Мамат Бөрубаевич- Көк-Жаңгак шаарынын
аксакалдар сотунун төрагасы;
Кыдыралиева Зуура Адиковна- Көк-Жаңгак шаарынын аялдар
кеңешинин төрайымы;
Сатыбалдиев Бакыт Эркимбаевич- Көк-Жаңгак шаарынын «Көлмө»
кварталынын төрагасы.
4.Бул токтомдун аткаруусун көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жүктөлсүн.
5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б.Маткаримов |