Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы
2018-жылдын 20-декабры № 20
Тоң райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосундагы №5 келишимин бекитүү жөнүндө
Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн негиздеп Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоң райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн статистикалык маалыматтарды чогултуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү №5 сандуу келишими бекитилсин.
2. Келишимдин шарттарына ылайык иштерди алып баруу жагы Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысы К.Азизовго милдеттендирилсин.
3. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджеттик комитетке тапшырылсын.
Төрага | Б.Маткаримов |