Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV чакырылышынын кезектеги ХХХI сессиясы
2019-жылдын 18- январы № 114
Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетине 2018-жылдан калган калдык акча каражаттарын кошуу жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы Б Шайдуллаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык Кенешинин IV чакырылышынын кезектеги XХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмотүнүн бюджетинин 2018-жылдан калган 1600999,5 сом акча каражаты 2019-жылдын бюджетинин I кварталынын киреше бөлүгүнүн планына кошулсун.Чыгаща бөлүгүнүн 2215-беренесине кошулсун.
2. Атайын эсепте ( апарат ) бөлүгүндө 2018-жылдан калган 169887.03 сом 2019-жылдын 1-кварталынын киреше бөлүгүнүн планына, чыгаша бөлүгүнүн 1-кварталынын 2215-беренесине кошулсун. .
3. Атайын эсепте ( балдар бакчасы ) бөлүгүндөгү 2018-жылдан калган 134217 сом калдык 2019-жылдын киреше бөлүгүнүн 1-кварталынын планына, чыгаша бөлүгүнүн 1-кварталынын 2215-беренесине кошулсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин план жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Пирматов |