Загрузка документа…
ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-июну №3
Өзгөрүш айылдык Кенешинин 2018-жылдын 26- июнундагы болуп откон VII- чакырылышынын 5- сессиясында Өзгөрүш айыл аймагындагы жабылган карьерди рекультивация жасоо максатында кум, шагыл, топурак, алуу үчүн айыл өкмөттүн балансында турган эксковаторго макулдук берүү боюнча Нурлан уулу Аргендин сунушун угуп, талкуулап чыгып Өзгөрүш айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Өзгөрүш айыл аймагындагы жабылган карьерди рекультивация жасоо үчүн айыл өкмөтүнүн балансында турган эксковаторго макулдук берилсин.
2. Рекультивация убагында чыгарылган кум, шагыл, топурак айыл тургандарынын муктаждыктарына берилсин.
3. Айыл аймагындагы жеке менчик техникаларына карьерлерден кум, шагыл, топурак, алууга тыюу салынсын.
4. Уруксатсыз кум, шагыл, топурак жүктөп берген жеке менчик техника ээлерине 5000 мин сом айып пул салынсын.
5. Эксковатордун айдоочусу А. Жунусов менен келишим түзүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтү А. Батырбековага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Атамбеков |