Загрузка документа…
ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-июну №7
Өзгөрүш айылдык Кенешинин 2018-жылдын 26- июнундагы болуп откон VII- чакырылышынын 5- сессиясында Өзгөрүш айыл аймагындагы Айтымбет жана Сыдык көчөлөрүнүн кесилишинде 0,05 га жер участогун балдар аянтчасына берүү боюнча жамаатынын кайрылуусун жана Өзгөрүш айылдык Кенешинин депутаты К. Шадыкановдун сунушун угуп, талкуулап чыгып Өзгөрүш айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Өзгөрүш айыл аймагындагы Айтымбет жана Сыдык көчөлөрүнүн кесилишинде 0,05 га жер участогун муниципалдык менчикке алынсын.
2. Муниципалдык менчикке алынгандан кийин балдар аянтчасына келишимдин негизинде берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтү А. Батырбековага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Атамбеков |