Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы
2018-жылдын 14-ноябры № 17-45
Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
Мангыт айылдык Кенеши «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү боюнча өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдорун бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык Мангыт айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү боюнча өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдорунун негизинде Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамына Жаны-Арык айылындагы “Сулайман-Бий” дыйкан чарбасынан көрсөтүлгөн Сулайманов Сражидин Адахамович жана Төлөйкөн айылындагы “Абыт” дыйкан чарбасынан көрсөтүлгөн Сражидин уулу Мирсаиддердин талапкерлиги көрсөтүлсүн.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Араван аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
Төрага | А.Малаев |