Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы
2018-жылдын 29-июну № 17-45
Төлөйкөн айылынын тургуну Алыкулов Кеңештин 2203 чарчы метр турак жай багытындагы жер тилкесинин ичинен 75,0 чарчы метр жер тилкесинин максатууу багытын соода дүкөнү жер тилкесине өзгөртүү жөнүндө
Мангыт айылдык Кеңешинин депутаттары Төлөйкөн айылынын тургуну Алыкулов Кеңештин 2203 чарчы метр турак жай багытындагы жер тилкесинин ичинен 75,0 чарчы метр жер тилкесинин максатууу багытын соода дүкөнү жер тилкесине өзгөртүү жөнүндөгө арызын карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Араван райондук архитектура жана шаар курулуш башкармасынын 24.09.2018-ж. №88/18, райондук оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 12.09.2018-ж. №384, райондук электр тармактар башкармасынын 11.09.2018-ж. №640, КР өзгөчө кырдаалдар боюнча министрлигинин Араван району боюнча бөлүмүнүн 07.09.2018-ж. №163, райондук курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын 11.09.2018-ж. №162-корутунду каттарына негизденүү менен Төлөйкөн айылынын тургуну Алыкулов Кеңештин 2203 чарчы метр турак жай багытындагы жер тилкесинин ичинен 75,0 чарчы метр жер тилкесинин максатууу багытын соода дүкөнү жер тилкесине өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнө, ал эми аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык Кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Малаев |