Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы
2018-жылдын 14-ноябры № 17-48
Маңгыт айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-кварталына бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Маңгыт айылдык айыл өкмөтү тарабынан даярдалып, айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2018 – жылга индикативдик планынын божомолуна кошумча өзгөртүүлөр даярдалып, Маңгыт айыл өкмөтү тарабынан сунуш кылынып, айылдык Кенештин туруктуу комиссиясында талкууланып, айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-кварталынын айылдык бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча өзгөртүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маңгыт айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-кварталы ичинде бюджеттик каражаттарынын кирешелери жыл башында бекитилген планга карата кошумчасы №1- тиркемеге ылайык белгиленсин (№1- тиркеме тиркелет)
2. Маңгыт айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-кварталы ичинде жергиликтүү бюджетинин бюджеттик кошумча каражаттарынын чыгашасынын каржылоо каражаттары №2-тиркеме ылайык белгиленсин (№2- тиркеме тиркелет)
3. Маңгыт айыл өкмөтүнүн 2018-жыл 4-кварталы ичинде айылдык бюджетинин чыгашаны каржылоо каражаттарынын беренелер боюнча жылдыруу №3- тиркемеге ылайык жылдырууга уруксат берилсин. (№3- тиркеме тиркелет)
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г. Букамбаевага жүктөлсүн.
Төрага | А.Малаев |
Маңгыт айылдык Кенешинин 2018-жылдагы VI чакырылыш кезексиз 17-сессиясынын № 17/48 токтомуна №1- тиркеме
№1 | Кирешенин аталышы | Алымча (мин сом | Кошумча (мин сом) |
1 | Ыкиыярдуу патент негизиндеги салык |
| +50,0 |
| Бардыгы атайын каражаттар боюнча |
| +50,0 |
Маңгыт айылдык
Кенешинин катчысы:- А. Мурзажанов