Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы
2018-жылдын 25-декабры № 19-54
Толойкон айылынын тургуну Базаров Парпибай Зикировичтин арызы жөнүндө
Мангыт айылдык Кенешинин депутаттары Толойкон айылынын тургуну Базаров Парпибай Зикировичтин Мангыт айыл аймагынын Мангыт айылынын тургундарынын мал жандыктарына ветеринардык кызмат көрсөтүүнү өзүнө өткөрүп берүү жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Толойкон айылынын тургуну жеке ветеринар Базаров Парпибай Зикировичтин Мангыт айыл аймагынын Мангыт айылынын тургундарынын мал жандыктарына ветеринардык кызмат көрсөтүүнү өзүнө өткөрүп берүү жөнүндөгү арызы канааттандырылсын.
2.Толойкон айылынын тургуну, жеке ветеринар Базаров Парпибай Зикировичке Мангыт айылынын мал жандыктарына ветеринардык кызмат көрсөтүүгө уруксат берилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Мангыт айыл өкмөтүнүн ветеринардык кызмат көрсөтүү жана мал чарбасы боюнча жет. адиси М.Чоноевге милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Абдураимов |