Загрузка документа…
МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-августу № 43
Ээси жок курулуш объектилерин муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын ортосунда түзүлгөн меморандумдун негизинде Май айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик балансына алуу үчүн Май айыл кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын ортосунда түзүлгөн меморандумдун негизинде Май айыл өкмөтүнө ээси жок болуп катталган төмөнкү код: 6-03-03-1002-0082, 6-03-03-1001-0908, 6-03-03-1001-0120 муниципалдык менчик балансына алуу жагы суралсын.
2. Ш.Кочкорбаев атындагы орто мектебинин аймагында жайгашкан(котельный) жана курулуп бүтпөй калган мектептин курулуш объектилери эч жерде катталбагандыктан код 6-03-031001-0904 берүү жагы жана муниципалдык менчик балансына алуу жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын Май айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдөүө жагы Май айылдык кеӊешинин алдындагы агрардык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Өзүбеков И. |