Загрузка документа…
МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-августу № 45
Манас районунун № 6017, № 6018 участкалык шайлоо комиссиялардын резервине талапкерлерди бекитүү жөнүндө
Май айылдык кенешинин айылдык жамааттарынын чогулуштарынын протоколдору менен таанышып чыгып, талкуулап КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө “ Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана КР БШКсынын “Шайлоо комиссиясынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык Май айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Май айылдык аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине тиркемеге ылайык талапкерлер бекитилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Май айылдык кеңештин төраганынын орун басары А.Коконовго милдеттендирилсин.
Төрага | Өзүбеков И. |