Загрузка документа…
МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-ноябры № 47
Май айылдык аймагын туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү жөнүндө
Жумушчу тобу тарабынан иштелип чыгып жана Май айылдык аймагында өткөрүлгөн коомдук угуулардан толукталып, өзгөртүүлөр киргизилген Май айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2018-2022-жылдарга түзүлгөн стратегиялык, 2018-жылга кабыл алынган инвестициялык жана 2018-2019-жылдарга карата келечектеги инвестициялык пландарын Май айылдык аймагынын айылдык кеңеши карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Май айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2018-2022- жылдарга түзүлгөн стратегиялык, 2018-жылга кабыл алынган инвестициялык жана 2018-2019-жылдарга карата келечектеги инвестициялык пландары бекитилсин;
2. Май айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2018-2022- жылдарга түзүлгөн стратегиялык, 2018-жылга кабыл алынган инвестициялык жана 2018- 2019-жылдарга карата келечектеги инвестициялык пландарынын негизинде иш алып баруу жагы Май айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловго тапшырылсын;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төраганынын орун басары А.Коконовго милдеттендирилсин.
Төрага | Өзүбеков И. |