Загрузка документа…
МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-декабры № 51
Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобо жана муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуу тартиби жөнүндө жобо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 6-апрель 2018-ж. № 01-18/41 буйругун аткаруу максатында Май айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобо жана муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү үчүн Май айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Май айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобо жана муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуу тартиби жөнүндө жобо бекитилсин;
2. Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби боюнча жетиден кем эмес туруктуу иштөөчү комиссия түзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Май айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Өзүбеков И. |