Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-январы № 8
« Бюджет 2019-жыл жана 2020-2021 жылдын долбоорун бекитүү»
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин сметасын бекитилүүсү жөнүндө бюджеттик комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап Кызыл-Туу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 11314,1 миң сом, анын ичинде теңдөөчү грант 2143,0 миң сом эсепке алганда 9171,1 миң сом болуп жана атайын каражат 1550,0 миң сом болуп бекитилсин (№1 тиркеме тиркелет):
2. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 11314,1 миң сом болуп бекитилсин; (№2 тиркеме тиркелет):
3. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдарга карата бюджеттин долбоорун чегерилүүчү теңдөөчү грантты жана атайын каражатты эсепке алып, 2020-жылга карата 11941,0 миң сом, 2021-жылга карата 12861,1 миң сом бекитилсин (№3 тиркеме тиркелет):
4. Чыгымдарды уномдоонун натыйжасында жылдын акырында калган кирешелердин чыгымдардан ашкан суммасы 01.01.2019-жылга карата (бош калдыктар), атайын каражаттан 69,2 миң сом, негизги эсептен 471,2 миң сом бекитилсин (№4 тиркеменин негизинде)
5. 2019-жылга карата Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү бюджеттин чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер ( эмгек акы, Социалдык фондуна чегерүүлөр, комуналдык төлөмдөр ( көмүр) каралсын;
6. 50,0 миң сом суммадагы накталай акча каражаты кассада иштетилүүсү үчүн каралсын.
7. 2019-жылга каралган бюджетте 2018-жылы акча каражаты жетишпей калган иш-аракеттерге компенсация каралсын.
8. Атайын эсепке ашыкча каражаты айыл өкмөттүн бюджетинде калат.
9. Кызыл-Туу айыл аймагындагы жылдык планды ашыгы мене аткаруу учурунда киреше бөлүккө түшкөн акча каражаты, Кызыл-Туу айыл аймагындагы социалдык-маданий иш чараларды уюштурууга чыгымдоого каралсын;
10. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аппаратынын штаттык бирдик саны 2019-жылга карата жана маданият тармагы бекитилсин;
11. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысына иштин зарылчылыгына байланыштуу атайын каражаттан жана бюджеттик эсептен бир кварталдан экинчи кварталга элементтерин алымча кошумчасы менен которууга мыйзам чегинде уруксаат берилсин;
12. Республикалык бюджеттен түшкөн каражаттар туура бөлүштүрүлүп жана белгиленген багытта жумшалсын;
Төрага | К.Ю. Иманалиев |