С.АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С.Атабеков айылдык кеӊешинин он жетинчи сессиясы
2018-жылдын 21-июлу № 1
Социалдык маселелерге демѳѳрчүлүк жардам кѳрсѳтүү жѳнүндѳ
ТОКТОМ
- Айылдык кеӊештин депутаттарынын бир добуштан колдоосу менен социалдык маселелерин чечүү үчүн, тѳмѳнкү мекеме жана жарандарга финансы каражаты ажыратып берилсин;
- Бек-Абад айылындагы тез жардам бѳлүмүнѳ күйүүчү майдан демѳѳрчүлүк кѳрсѳтүү үчүн 20,0 миӊ сом
- Аксакалдар сотуна материалдык техникалык базасын чыӊдоого 40,0 миӊ сом
- Атабеков аймактык милиция бѳлүмүнѳ күйүүчү май үчүн 10,0 миӊ сом
- Бек-Абад жана Сузак заставасына демѳѳрчүлүк 30,0 миӊ сом
- Жийде орто мектебине 13,0 миӊ сом
- Кѳчмѳндѳр оюнуна-200,0 миӊ сом
- Тийиштүү статиялардан жогорудагы финансы каражатын бѳлүп берүү жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ш.Шералиевге милдеттендирилсин.