Загрузка документа…
С.АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С.Атабеков айылдык кеӊешинин он жетинчи сессиясы
2018-жылдын 21-июлу № 2
С.Атабеков айыл ѳкмѳтүнүн Бек-Абад айылындагы«Мусъаб Ибни Умайр»мунциипалдык мечитине кошумча жер ажыратып берүү жѳнүндѳ
С.Атабеков айылдык кеӊешинин 22.01.2013-жылдагы экинчи сессиясынын токтомунун негизинде «Мусъаб Ибни Умайр» муниципалдык мечитине берилген 200м2 жер аянтына кошумча Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккѳ укуктарды каттоо башкармасынын 10.07.2018-жылдагы сатуу жана сатып алуу келишиминин негизинде айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. С.Атабеков ѳкмѳтүнѳ караштуу Бек-Абад айылындагы «Мусъаб Ибни Умайр» муниципалдык мечитине кашумча 164м2 жер аянты муниципалдык менчикке алынып, жалпы 364м2 жер аянты пайдаланууга берилсин
2. Муниципалдык менчикке ѳткѳрүп алуу боюнча иштерди кѳзѳмѳлгѳ алууну айыл ѳкмѳттүн башчысы Ш.Шералиевге милдеттендирилсин
Төрага | А.Калмурзаев |