Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-декабры № 61
Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине жарандардын талапкерлигин сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзуү жана таркатуу тартиби”жөнүндөгу жобонун жана борбордук комиссиянын №31 10.08.2018-жылдагы катынын негизинде М.Абдылдаев айылдык Кенещинде катталган жарандардын арыздарын жана башка документтерин карап,талкуулап М.Абдылдаев айылдык Кенешинин VI I чакырылышынын 13- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. М.Абдылдаев айылдык Кеңешинде каттоого алынган,айыл аймагында жашаган 38-жарандын талапкерлиги тиркемеге ылайык участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана 17 жарандын талапкерлиги резервине сунушталсын.
2. Каттоого алынган талапкерлердин документтерин толугу менен Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссиясынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча Токтогул районундагы аймактык шайлоо комиссиясына өткөруп беруу жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Д.Турумкуловага милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | С.Кылданов |