Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI I чакырылышынын 13- сессиясы
2018-жылдын 18-декабры № 70
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоордук сунушуту даярдоо жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн жана Чолпон- Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын долбоордук сунуштары жөнүндө
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. “Чолпон- Ата айылында 35 орундуу бала бакчанын курулушу” долбоору жактырылсын жана долбоордук сунушу бекитилсин.
2. Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымдын (тартылган каражаттар) өлчөмү 15%ти, 388593 сом болуп бекитилсин. Бул акча каражаты долбоор ишке ашып калса 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Долбоор боюнча консалтингдик жана инженердик кызматтарын көрсөтүү боюнча чыгымдарынын өлчөмү 80829 сом болуп бекитилсин. Бул акча каражаты 2019-жылы жергиликтүү бюджетинен долбоор ишке ашып калса бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чолпон- Ата айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н Кукуевге жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссиянын жетекчисине жүктөлсүн.
6. Бул токтом www.cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | С.Кылданов |