Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XVII- сессиясы
2018-жылдын 10-декабры № 2
«Бүргѳндү айыл аймагынын Жеңиш айылындагы жолго шагыл тѳшѳѳгѳ жергиликтүү бюджеттен 130 000 сом акча каражатын бѳлүп берүү жөнүндө»
Бүргѳндү айыл ѳкмѳт башчысы А.Сатыкуловдун 2018-жылдын 01-декабрындагы Бүргѳндү айылдык кеңешине жазган №01-16/541 сандуу сунушунун 1-маселенин 3-пунктун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бүргѳндү айыл ѳкмѳт башчысы А.Сатыкуловдун 2018-жылдын 01-декабрындагы Бүргѳндү айылдык кеңешине жазган №01-16/541 сандуу сунушунун 1-маселесинин 3-пунктунун демилгеси эске алынсын.
2.Бүргѳндү айыл аймагыннын Жеңиш айылындагы жолго шагыл тѳшѳѳ үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 130 000 (бир жүз отуз миң) сом акча каражаты бѳлүп берилсин.
3.Акча каражатын максаттуу пайдалануу жагын кѳзѳмѳлгѳ алуу айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы А.Мырзакаримовго милдеттендирилсин.
4.Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Г.Мирзаевке жана Социалдык, саламаттыкты сактоо, экономика жана тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы К.Калбековго жүктѳлсүн.
Төрага | З. Арстанбеков |