Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XVII- сессиясы
2018-жылдын 10-декабры № 3
“Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы айылдык калк жашаган конуштардагы жайыт жерлеринен 46,70 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоо) жөнүндө”
Жергиликтүү тургундардын турак жай куруу үчүн жазып кайрылган арыздарын канаттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-статьясына таянып Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз XIX –сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сатыкуловдун жана жер маселелери боюнча адиси А.Оморбековдун калк жашаган конуштардагы жайыт жерлеринен 46,7 га жер аянтын айылдык калк жашаган конуштардагы жайыт жерлерин трансформациялоо жөнүндөгү сунушу эске алынсын.
2.Кызыл-Кыя айылындагы №92,152 контурларынан 2,0 га, Кыпчак-Талаа участкасындагы №274,346 контурларынан 3,0 га, Кой-Кулак участкасындагы №493 контурунан 0,50 га, Ат-Чабар участкасындагы №1110,1114,1115 контурларынан 3,70 га, «Келечек» каналынын жанынан №537,538,539,540,542,543 контурларынан 12,0 га, Борсолдой участкасындагы №687 контурунан 0,50 га, Кочкор-Кыштак участкасындагы №769,770,778,788 контурларынан 1,50 га, Беш-Банги участкасындагы №2472 контурунан 0,20 га, Айдарбек участкасындагы №1464 контурунан 0,30 га, Жаштык айылындагы №1423,1424,1440,1443 контурларынан 2,0 га, Жеңиш айылындагы №1807,1736,2303 контурларынан 2,50 га, Курама айылындагы №2205,2233,2365,2438 контурларынан 3,80 га, Ношкен айылындагы №2214,2117,2016,2005а,2143 контурларынан 12,0 га, Кең-Сай участкасындагы №569 контурунан 0,20 га. Жалпы жер аянты айылдык калк жашаган конуштардагы 46,70 га жайыт жерлери бир категориядан экинчисине жана калктуу конуш категориясына которулсун.
3.Жогорудагы кѳрсѳтүлгѳн жер аянттарын трансформациялоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен 175 000 (бир жүз жетимиш беш миң) сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
4.Жалпы жер аянты 46,70 га түзгѳн айылдык калк жашаган конуштарды жайыт жерлерин бир категориядан экинчисине которуу (трансформациялоо) Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгѳн жер комиссичсынан суралсын.
5.Бул токтом Ноокен райондук малекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышы айыл ѳкмѳтүнүн башчы А. Сатыкуловго милдеттендирилсин.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Эл чарбасы, айыл чарба, өнөр жай, транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Расуловго жүктөлсүн.
Төрага | З. Арстанбеков |