Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XVII- сессиясы
2018-жылдын 10-декабры № 3
“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жѳнүндѳ иштерин кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү Жобону бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 313-беренесин, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жѳнүндѳ кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексин, “Пробация жѳнүндѳ”, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын турмушка ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2013-жылдын 08-майындагы №258-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик жѳнүндѳ Жобонун 6-пунктунун “б” пунктчасынын экинси абзацына ылайык Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XIX-сессиясы күн тартибинде карап жана талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча укуктук комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | З. Арстанбеков |