Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XVII- сессиясы
2018-жылдын 10-декабры № 6
“Бүргөндү айыл аймагында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруулардын Союзунун Уставына ылайык жылына 1 жолу калктын санына жараша 1 кишиге 1 сомдон кем эмес мүчѳлүк тѳлѳм тѳлѳнүп берилиши жѳнүндѳ”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 13-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруулардын Союзунун Союзга мүчѳлүк тѳлѳмдѳрдү тѳлѳп берүү боюнча кайрылууларын карап чыгып, талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XIX-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчѳ болуп кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруулардын Союзунун Уставына ылайык жылына 1 жолу калктын санына жараша 1 кишиге 1 сомдон кем эмес мүчѳлүк тѳлѳм тѳлѳнүп берилсин.
3. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруулардын Союзу менен иш алып баруу айыл ѳкмѳт башчысына жүктѳлсүн.
Төрага | З. Арстанбеков |