Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XVII- сессиясы
2018-жылдын 10-декабры № 7
«Ноокен айылындагы бала бакчанын имаратына кошумча инвентар эмеректер алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 90 000 сом акча каражатын бѳлүп берүү жөнүндө»
Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн айылдык кеңешинин депутаты У.Мамажановтун 2018-жылдын 07-декабрындагы Бүргѳндү айылдык кеңешине жазган кириш №М-39 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргѳндү айылдык кеңешинин депутаты У.Мамажановтун 2018-жылдын 07-декабрындагы Бүргѳндү айылдык кеңешине жазган кириш №М-39 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Бүргѳндү айыл аймагыннын Ношкен айылындагы бала бакчага эмеректерди алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 90 000 (токсон миң) сом акча каражаты бѳлүп берилсин.
3. Акча каражатын максаттуу пайдалануу жагын кѳзѳмѳлгѳ алуу айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы А.Мырзакаримовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Г.Мирзаевке жана Социалдык, саламаттыкты сактоо, экономика жана тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы К.Калбековго жүктѳлсүн.
Төрага | З. Арстанбеков |