Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XVII- сессиясы
2018-жылдын 10-декабры № 8
“Бүргөндү айыл ѳкмөтүнүн Жеңиш айылындагы №32 М.Дуйшембиев атындагы орто мектепке кичи футбол аянтчасын куруу долбоорун даярдоо жана ишке ашыруу жөнүндө”
Бүргөндү айыл ѳкмѳтүнүн Жеңиш айылындагы №32 М.Дуйшембиев атындагы орто мектепке кичи футбол аянтчасын куруу долбоорун даярдоо жана ишке ашыруу жѳнүндѳ Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы А.Мырзакаримовдун жана айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сатыкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XIX-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бүргөндү айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ бащчысы А.Мырзакаримовдун жана айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сатыкуловдун Бүргѳндү айыл аймагынын Жеңиш айылындагы №32 М.Дуйшембиев атындагы орто мектепке кичи футбол аянтчасын куруу долбоорун жана ишке ашыруу боюнча билдирүүсү эске алынсын.
2. Бүргѳндү айыл аймагынын Жеңиш айылындагы №32 М.Дуйшембиев атындагы орто мектепке кичи футбол аянтчасын куруу долбоорун даярдоо жана ишке ашыруу үчүн 1 400 000 (бир миллион тѳрт жүз миң) сом акча каражаты айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен бѳлүп берилсин.
3. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Г.Мирзаевке жана Социалдык, саламаттыкты сактоо, экономика жана тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы К.Калбековго жүктѳлсүн.
Төрага | З. Арстанбеков |