Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XVII- сессиясы
2018-жылдын 10-декабры № 9
“Бүргөндү айыл ѳкмөтүнүн аймагынын Ношкен айылынын Кайырма участкасына электр линия тартуу боюнча айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сатыкуловдун сунушун бекитүү жөнүндө”
Бүргөндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сатыкуловдун 2018-жылдын 07-декабрындагы айылдык кеңешке жазган кириш №М-38 сандуу сунушун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XIX-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Бүргөндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сатыкуловдун 2018-жылдын 07-декабрындагы айылдык кеңешке жазган кириш №М-38 сандуу сунушу эске алынсын.
2.Бүргѳндү айыл аймагынын Ношкен айылынын Кайырма участкасына электр линиясын тартуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 321 200 (үч жүз жыйырма бир миң эки жүз) сом акча каражаты бѳлүп берилсин.
3.Акча каражатын максатуу пайдалануу жагын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ нүн башчысы А.Мырзакаримовго милдеттендирилсин.
4.Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Г.Мирзаевке жана Социалдык, саламаттыкты сактоо, экономика жана тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы К.Калбековго жүктѳлсүн.
Төрага | З. Арстанбеков |