Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХIV сессиясы
2019-жылдын 29-январы № 14/2
«Барпы айыл ЖК жайыт комитетинин төрагасы: А. Каржоодиевдин 2018-жылга аткарган иши, бюджет сметасынын аткарылышы жана 2019-жылга бюджет-сметасын, тарифин , штаттык бирдиктерин бекитүү жөнундө”
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХIV сессиясынын күн тартибиндеги
Барпы ЖК жайыт комитетинин төрагасы: А.Каржоодиевдин 2018-жылга аткарган иши, бюджет сметасынын аткарылышы жана 2019-жылга бюджет-сметасынын тарифин , штаттык бирд иктерин бекитуу жөнундөгү маалыматын угуп жана талкуулап Барпы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Барпы жайыт комитетинин 2018-жылга киреше бөлүгү 1471,1 миң сом, чыгаша бөлүгү 1083,9 миң сом болуп бекитилсин.
2.Барпы жайыт комитетинин 2018-жылга аткарган иши боюнча ЖК жайыт комитетинин төрагасы: А. Каржоодиевдин берген маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
3. Барпы жайыт комитетинин 2019-жылга киеше бөлугу 1274,0миң сом, чыгаша бөлүгу 1918,0миң сом болуп бекитилсин.
4. Барпы жайыт комитетинин 2019-жылга жайыт пайдалануу тарифи бекитилсин.
5. Барпы жайыт комитетинин 2019-жылга керектелүүчу штаттык бирдиктери бекитилсин.
6.Барпы жайыт комитетинин 2019-жылдын 26-январында өткөрүлгөн чогулушунда кабыл алынган иш-планы бекитилсин
7. Барпы жайыт комитетинин 2019-жылга мал жандыктарынанан жайыт акы алуу тарифи кабыл алынып, бекитилсин.
8. Барпы айыл аймагынын ветеринардык- профилактикалык иштердин кызмат көрсөтүүсүнүн тарифтери 2019-жылга бекитилсин. Жаны тарифтерди кабыл алганга чейин күчүндө болот.
9. Токтомдун аткарылышын жана ишке ашырууну көзөмөлдөөну өзүмө калтырамын.
10. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | У. А. Абдыкулов |