Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХIV сессиясы
2019-жылдын 29-январы № 14/5
“2019-жылдын 1-январына калган калдык каражатты бөлүу жөнүндө”
Барпы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 12 айында кошумча кирешелердин жана чыгашалардын үнөмдөөдөн келип чыккан каражаттарды пайдалануу жөнүндөгү финансы-экономика бөлүмүнун башчысы: М.Кыргызбаеванын билдируусун угуп жана талкуулап Барпы айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин чыгымдарынан каржыланбаган 1753,4 мин сом эркин калдыкты жана 2018-жылда такталган киреше пландарынан ашыкча жыйналган 1322,9 миң сом акча каражатын жалпы: 3050,4 миң сом акча каражатын, Барпы айыл өкмөтүнүн Таштак айылына АРИС проектиси менен курулуучу балдар бакчасынын жаны имаратына, жайыт комитетине техника сатып алууга салым кошуу учун жана 2018-жылы Таштак, Төбөй айылдарына курулуп жаткан тротуарлардын курулушу толук бутпөй калгандыгын эске алып төмөнку чыгымдарды каржылоого жумшалсын:
Таштак айылына АРИС проектиси менен бала бакча
курууга айыл өкмөтүнүн салымы - 1500,0миң сом;
Таштак айылындагы тротуардын курулушуна -289,0 миң сом;
Төбөй айылындагы троутардын курулушуна -143,5 миң сом;
Канды айылындагы футбол аянтчасына газон алууга -203,3 миң сом;
Тунку жарык орнотуу (Жар-кышак, Боз-чычкан айылдары) -79,0 миң сом;
С.Суранов спорт мектебинин ремонтуна -164,3 миң сом;
Жайыт комитетине техника алууга салым -600,0 миң сом;
Жаш-канат балдар бакчасынын верандасына 71,3 миң сом
Жалпысы: 3050,4 мин сом
2. Атайын каражат эсебинде калган 76,1 миң сом калдык балдар бакчаларынын жетекчилеринин карылуусунун негизинде бакчалардын муктаждыктарына жумшалсын.
3. Бекитилген чыгыша пландарына тактоолорду жүргүзүү жагы Финансы министрлигинин Сузак райондук башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнун башчысы: А.Сыргабаевке милдеттендирилсин.
Төрага | У. А. Абдыкулов |