Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХIV сессиясы
2019-жылдын 29-январы № 14/6
Барпы айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү ,2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө
Барпы айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтуу бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жана 2019-жылга жергиликтуу бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы: А.Сыргабаевдин билдируусун угуп, талкуулап Барпы айылдык Кенеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга кирешелеринин аткарылышы 35241,7 миң сомго анын ичинен жергиликтүү кирешелер 20513,4 миң сом жана республикалык бюджеттин трансферттери 14728,3 мин сом өлчөмүндө жана чыгашалр 37024,5 миң сом өлчөмүндө № 1 тиркемеге ылайык аткарылышы бекитилсин.
2. 2019-жылга айыл өкмөтүнун жергиликтүү бюджетинин кирешелери атайын каражаттар менен кошулуп 35258,0 миң сом өлчөмүндө (анын ичинен бюджеттик каражат 32698,0 миң сомго, атайын каражат 2560,0 миң сомго) № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтуу бюджеттин киреше бөлүгүнүн божомолу 2020-жылга 20269,1 миң сом, 2021-жылга 20284,1 миң сом, тендөө грантынын божомолу 2020-жылга 13186,8 миң сом, 2021-жылга 12871,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Тендөө грантынын көлөмү 2019-жылга 13249,8 миң сом № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана аны пайдалануу биринчи кезекте корголгон беренелерге № 4 тиркемеге ылайык жумшалсын.
5. Айыл өкмөтүнүн бюджеттик чыгымдары бөлүмдөр аралык жана статьялар аралык бөлүнүшү 35258,0 миң сом өлчөмүндө (анын ичинен бюджеттик каражат 32698,0 миң сомго, атайын каражат 2560,0 миң сомго) № 5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. 2018-жылга электр энергиясынын лимити Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20.06.2018-жылдагы №208-б сандуу буйругуна ылайык бюджеттик мекеме уюмдар боюнча бөлүнүшу 876,1 миң кВт өлчөмүндө № 6 тиркемеге ылайык бекитилсин жана жеткирилген лимиттерди сактоо мектеп директорлоруна, балдар бакчаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин. Коммуналдык кызматтар жана жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) аткарылган көлөмдөрү боюнча карыздарды өз убагында жабуу үчүнн айыл өкмөт башчысы көзөмөл жүргүзсун.
7. Балдар бакчаларында тарбияланып жаткан балдардын тамаш-ашы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 27.12.2016-жылдагы № 701 токтомуна ылайык күнүнө жергиликтүү бюджеттен 18 сомдон акча каражаты № 7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-статьясына ылайык жергиликтүү бюджеттин резервдик фонду 300,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин жана аны пайдалануу багыты ушул кодексте көрсөтүлгөн жоболорго ылайык жүргүзүлсүн.
9. Бекитилген бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык (01.06.-01.11.2019-ж) жүргүзүү жагы белгиленсин.
10. Айыл өкмөтүнүн башкаруу бөлүмдөрүнүн типтүү түзүмү жана штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 403, 01.03.2017-ж № 131 жана 07.08.2017 жылдагы № 466 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципиалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомунун негизинде № 8 тиркемеге ылайык , эмгек акы төлөө фонду 6504,6 миң сом өлчөмүндө 39 штат бирдиги менен бекитилсин.
11. Жайыт пайдалануудан чогулуучу каражаттарды өндүрүү жагы жайыт комитетинин төрагасы: А.Каржоодиевке милдеттендирилсин. Жайыт жерлерине социалдык взносторду төлөө жагы жайыт жерлерди пайдалануучу ижарачыларга жүктөлсүн жана жайыт пайдалануудан түшкөн каражаттардын эсеби 1274,0 миң сом (анын ичинен жайыт жер салыгы 137,8 миң сом, жайыт жерлердин ижара акысы 1136,2 миң сом) № 11 тиркемеге ылайык бекитилсин.
12. Жайытты башка максатта пайдалануу үчүн ОАО «Келечек» ишканасы менен түзүлгөн келишим боюнча соттук процесс жүрүп жайыт пайдалануучу үчүн төлөм бюджетке түшпөй аткандыгына байланыштуу жайыт төлөмдөрүнун планы 200,0 миң сомго азайтылсын.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.01.2012-жылдагы № 66 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлеринин штаттык бирдиги № 9 тиркемеге ылайык кармалсын жана эмге акы төлөө фонду 408,0 миң сом өлчөмүндө 8 штат бирдиги менен бекитилсин.
14. Турак-жай жана коммуналдык кызматтар бөлүмүнүн штат бирдиги № 10 тиркемеге ылайык 324,0 миң сом өлчөмүндө 6 штат бирдиги менен бекитилсин.
15. Сапар чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 26.08.2008-жылдагы № 471 жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.05.2016-жылдагы № 241 токтомдоруна ылайык жумшалсын.
16. Айыл өкмөтүнун кызматтык автоунаасынын чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.12.2011-жылдагы № 767 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын 18.09.2006-жылдагы № 672 токтомдоруна ылайык жумшалсын.
17. Айыл өкмөтүнүн балансында турган С-100 тракторунун учурдагы ремонтуна жана керектелүүчү запчастарына 85,5 миң сом, күйүүчү майга 115,5 миң сом жалпы чыгымдары 201,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана коммуналдык чарба чыгымдары эсебинен каржылансын.
18. 2019-жылга башкаруу бөлүмүнүн 2212 беренеси 78,4 миң сом, 2215 беренеси 1413,4 миң сом, чарбалык буюмдарды 2222 беренеси 130,0 мин сом, имараттар жана курулумалар 3111 беренеси 2500,0 миң сом, өлчөмүндө № 12 тиркемеге ылайык бекитилсин.
19. 2019-жылга ЖХК бөлүмүнүн чыгымдары 2215 беренеси ар түрдүү чыгымдар суммасы 410,0 миң сом, чарбалык буюмдарды 2222 беренеси 50,0 миң сом, учурдагы ремонт 2221 беренеси 1300,0миң сом, машиналара жабдууларды алуу чыгымдары 1000,0 миң сом, имараттар курулумарларга 3111 беренеси 5750,0 миң сом өлчөмүндө № 13 тиркемеге ылайык бекитилсин.
20. 2019-жылга маданият бөлүмүнун чыгымдары ар түрдүү чыгымдар 2215 беренеси 383,0 миң сом, өлчөмүндө № 14 тиркемеге ылайык бекитилсин.
21. 2019-жылга билим берүү бөлүмүнун чыгымдары 2212 беренеси байыланыш кызматы 24,0 миң сом ,ар түрдүү чыгымдар 2215 беренеси 191,6 миң сом, имараттар курулмалар чыгымдары 3111 беренеси 2900,0 миң сом, мулкту учурда ондоо 2221 беренеси 450,0 миң сом, чарбалык буюмдарга 130,0 миң сом комур сатып алуу 2224 беренеси 816,5 мин сом өлчөмүндө № 15 тиркемеге ылайык бекитилсин.
22. 2019-жылга социалдык коргоо бөлүмүнүн чыгымдары 2721 беренеси 726,4 миң сом өлчөмүндө №16 тиркемеге ылайык бекитилсин.
23. Балдар бакчаларындагы ата-энелерден 1ай учүн төлөнүүчү каражат Арууке, Баластан, Жеткинчек, Жаш-канат бакчаларында 600 сом, Элхан бакчасында 500 сом өлчөмүндө төлөө белгиленсин жана чогулган каражатты бюджеткке толугу менен төлөп иштетүү жагы балдар бакчаларынын жетекчилерине жекече милдеттендирилсин, аталган тартип бузуулар аныкталса 100 % республикалык бюджетке чегерүү белгиленсин.
24. Мамлекеттик фондунун жерлеринен түшүүчү ижара акыларды жана салыктарды өз убагында толук өндүрүү жагын камсыз кылуу ар бир участканын айыл башчысына, ага салык инспекторуна, аренда бухгалтерине жеке милдеттендирилсин.
25. 2019-жылдын чыгаша бөлүгүндө көрсөтүлгөн бюджеттин чыгымдарын аткаруу Кыргыз Республикасынын 03.04.2015-жылдагы Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамына ылайык каржылоо жана максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы: А.Сыргабаевке милдеттендирилсин.
26. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысын: А.Сыргабаевке жүктөлсүн.
27. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | У. А. Абдыкулов |