Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХIV сессиясы
2019-жылдын 29-январы № 14/7
Барпы айыл өкмөтүнүн Улгу айылынын тургуну Момунов Амандын арызы жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХIV сессиясынын күн тартибиндеги Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы: А.Сыргабаевдин, Момунов Амандын арызы боюнча 30.11.2018-жылдагы №01-34/690 сандуу сунушун угуп жана талкуулап Барпы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улгу айылынын тургуну Момунов Амандын №85 контурдагы кайра бөлүштүрүү фонддун жеринен ижарага пайдаланып жаткан 2,0 га жер аянтына суу чыкпай калгандыгына байланыштуу ижара акысынын өлчөмү 2019-жылга 50% га төмөндөтүлсүн.
2. Ижара акысынын өлчөмүн көрсөтүп, 2019- жылга келишим түзүү жагы Барпы айыл өкмөтүнун башчысы:А.Сыргабаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет
Төрага | У. А. Абдыкулов |