Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХIV сессиясы
2019-жылдын 29-январы № 14/8
Барпы айыл өкмөтүнүн Төбөй айылындагы №739 контурдагы 2,0 га жер аянтын муниципалдык менчикке каттоо жөнүндө.
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХIV сессиясынын күн тартибиндеги Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы: А.Сыргабаевдин 20.12.2018-жылдагы №01-34/790 сандуу сунушун угуп жана талкуулап Барпы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл өкмөтүнүн Төбөй айылындагы №739 контурдагы 2,0 га жер аянты Төбөй, Жар-Кыштак, Беш-Мойнок айылдарынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу максатында скважина казуу жана санитардык зоонасын түзүү үчүн муниципалдык менчикке алынсын.
2. Муниципалдык менчикке алынган жер аянтын каттатуу жагы Барпы айыл өкмөтүнүн юристи: С.Назаровго жана жер адиси: Ө.Мурзаевге жүктөлсүн.
3. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет..
Төрага | У. А. Абдыкулов |