Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХIV сессиясы
2019-жылдын 29-январы № 14/8
Барпы айыл өкмөтүнун Төбөй айылынын тургундары К.Айдаров, К.Шайбекова, Д.Маматахунова, Ж.Маматахунов жана И.Айтбаевдердин сугат улуштук жерлери жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХIV сессиясынын күн тартибиндеги Барпы айыл өкмөтүнун башчысы: А.Сыргабаевдин 20.12.2018-жылдагы №01-34/789 сандуу сунушун угуп жана талкуулап Барпы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл өкмөтүнүн Төбөй айылындагы №739 контурда жайгашкан Айдаров Курманбектин 0,72 га, Шайбекова Каныкейдин 0,36 га, Маматахунова Динаранын 0,45 га, Маматахунов Жоробектин 0,45 га, Айтбаев Ильяздын 0,36 га, жалпы 2,34 га жер аянтты Төбөй, Жар-Кыштак, Беш-Мойнок айылдарын таза суу менен камсыз кылуу максатында скважина казуу жана санитардык зонасын түзүү үчүн муниципалдык менчикке алынып, 2,34 га үлүштүк жер аянттары №734 контурдагы кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен ажыратылып берилсин.
2. Ажыратылып берилген жер аянттарын документтештируу жагы үлүш ээлерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет..
Төрага | У. А. Абдыкулов |