Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңешинин кезексиз XIII сессиясы
2018-жылдын 25-декабры № 14/16
Жар- Кыштак айылынын тургундарынын көчөгө ат коюу боюнча кайрылуусу жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХIV сессиясы күн тартибиндеги Жар-Кыштак айылынын тургундарынын көчөгө ат коюу боюнча кайрылууларын угуп жана талкуулап Барпы айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Барпы айыл өкмөтунун Жар-Кыштак айылындагы Абдиразаков Улукманакимдин үйүнөн баштап Жолдошов Миталдин үйүнө чейинки бош турган көчөгө эмгектин ардагери Раимов Көчкөндүн ысмы берилсин.
2. Мындан ары Жар-Кыштак айылындагы Абдиразаков Улукманакимдин үйүнөн баштап Жолдошов Миталдин үйүнө чейинки бош көчө Раимов Көчкөн көчөсу деп аталсын.
3. Токтомдун аткарылышын жана ишке ашырууну көзөмөлдөөну өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган кундөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | У. А. Абдыкулов |