Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңешинин кезексиз XIII сессиясы
2018-жылдын 25-декабры № 14/20
“Баазалык реестрдеги муниципалдык кызматтардын стандарттары жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн кошумча стандарттарын бекитүү жөнүндө”
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХIV сессиясы күн тартибиндеги Барпы айыл өкмөтүнүн баазалык реестрдеги кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жана кошумча стандарттардын долбоорун окуп жана талкуулап айылдык кеңеши төмөндөгудөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баазалык реестрдеги муниципалдык кызматтардын стандарттары бекитилсин.
2. Барпы айыл өкмөтүнүн кошумча мунициналдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн тизмеси жана стандарттары жактырылсын жана бекитилсин.
3. Барпы айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн кошумча тизмесинин негизинде иш алып баруу Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы: А.Сыргабаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын жана ишке ашырууну көзөмөлдөөну өзүмө калтырамын.
5. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган кундөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | У. А. Абдыкулов |