Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңешинин кезексиз XIII сессиясы
2018-жылдын 25-декабры № 14/21
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишими жөнүндө
Барпы айылдык кеңеши кун тартибиндеги Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимин бекитип берүү жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап Барпы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү мыйзамды жетекчиликке алуу менен Сузак райондук статистика бөлүмүнүн Барпы айыл өкмөтүнун ортосунда түзүлгөн келишимин бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын жана ишке ашырууну көзөмөлдөөну өзүмө калтырамын.
3. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган кундөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | У. А. Абдыкулов |