Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-февралы № 29
Кууганды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ИСКААКБ “Таза-суу” коомдук бирикмесинин маалыматы толук болбогондугуна байланыштуу кийинки сессияга калтырылсын.
2. Кууганды айыл өкмөт башчысынын жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету жана бир жылдык финансылык отчету “канааттандырарлык” деп табылсын.
3. 1. Кууганды айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджети алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
2. Кууганды айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинен калган 1 534 300 (бир миллион беш жүз отуз төрт миң үч жүз) сом эркин каражаттын, 1 084 300 (бир миллион сексен төрт миң үч жүз) сом айыл өкмөтүнүн аппаратына, ал эми 450 000 (төрт жүз элүү миң) сому бала бакчага бөлүнүп жумшалсын.
3. Жогорудагы бөлүнгөн акча каражаттарын керектүү статьяларга бөлүү жана сметасын түзүп чыгымдоо айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Д.Шыгаевге милдеттендирилсин.
4. Кууганды айылдык кеңешинин 2019-жылга иш планы бекитилсин.
Төрага | Э.Тайтекеев |