Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
7-чакырылышынын 22-сессиясы
2019-жылдын 29-январы № 29
Багыш айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү, 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө
Багыш айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү,2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мурзабековдун билдирүүсүн угуп,талкуулап Багыш айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
Багыш айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелери жалпы 27784,0 миң.сом,анын ичинен жергиликтүү кирешелер 18412,8 миң сом жана республикалык бюджеттин трансферттери 6188,8 миң.сом ,атайын каражаттар 3182,4 миң сом жана чыгашалары 27784,0 миң сом өлчөмүндө №1 тиркемеге ылайык аткарылышы бекитилсин.
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн божомолу 2020-жылга 26101,6 миң сомго,2021-жылга 26171,6 миң сом,анын ичинен теңдөө грантынын божомолу 2020-жылга 6936,8 миң сом,2021-жылга 6936,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
Теңдөө грантынын көлөмү 2019-жылга 6188,8 миң сом,Кыргыз Республикасынын Республикалык Бюджети жөнүндөгү мыйзамына ылайык биринчи кезекте ( эмгек акы,соц.фонд,тамак ашка,электр энергиясына жана элге жардам) беренелерине №2 тиркемеге ылайык жумшалсын.
Айыл өкмөтүнүн бюджеттик чыгымдары бөлүмдөр аралык жана статьялар аралык бөлүнүшү 27784,0 миң сом өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2018-жылга электр энергиясынын лимити Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20.06.2018-жылдагы №208-б сандуу буйругуна ылайык бюджеттик мекеме уюмдар боюнча бөлүнүшү 652,3 миң кВт өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык бекитилсин жана жеткирилген лимиттерди сактоо мектеп директорлоруна,балдар бакчаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин.Коммуналдык кызматтар жана жумуштардын ( кызмат көрсөтүүлөрдүн)аткарылган көлөмдөрү боюнча карыздарды өз убагында жабуу үчүн айыл өкмөт башчысы көзөмөл жүргүзсүн.
Балдар бакчаларында тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.12.2016-жылдагы №701 токтомуна ылайык күнүнө жергиликтүү бюджеттен кенже тайпаларга 13 сомдон,ортоңку жана жогорку тайпаларга 18 сомдон акча каражаты №5 тиркемеге ылайык бекитилсин,атайын каражат төлөмдөрү ( балдар бакчаларынын ата-энелер тарабынан жыйналуучу каражат)балдардын тамак ашына жана башка чыгымдарына 3182,4 миң сом багытталып,казыналык система аркылуу №6 тиркемеге ылайык пайдаланылсын.
Кыргыз Республикасынын Бюджетинин Кодексинин 24-статьясына ылайык жергиликтүү бюджеттин резервдик фонду 220,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин жана аны пайдалануу багыты ушул кодексте көрсөтүлгөн жоболорго ылайык жүргүзүлсүн.
Айыл өкмөтүнүн караштуу орто мектептердин чыгашалары 2176,4 миң сом №7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
Айыл өкмөтүнүн башкаруу бөлүмүнүн типтүү түзүмү жана штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403,01.03.2017-ж №131 жана 07.08.2017-жылдагы №466 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө »токтомунун негизинде №8 тиркемеге ылайык,эмгек акы төлөө фонду 5427,0 миң сом,соц.фонд 764,9 миң сом өлчөмүндө 33 штат бирдиги менен бекитилсин.
Багыш айыл өкмөтүнүн экономист-статисттин эмгек акысы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамын аткаруу максатында Республикалык бюджет эсебинен 253,8 миң сом,соц фонд төлөмү 37,5 миң сом көлөмүндө каржылануусу белгиленсин.
«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматжөнүндө» 30.05.2016-жылдагы №75 Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31 беренесинин 7-пунктуна ылайык ЖОБО ишинин натыйжалары боюнча кызматчынын ишин баалоону эске алып 1 айылк эмгек акы 317,1 миң сом,соц фонд төлөмү 46,9 миң сом өлчөмүндө сый акы №9 тиркемеге ылайык төлөнсүн.
Жайыт пайдалануудан чогулуучу каражаттарды өндүрүү жагы жайыт комитетинин төрагасы К.Калдыбаевке милдеттендирилсин.Жайыт жерлерине социалдык взносторду төлөө жагы жайыт жерлерди пайдалануучу ижарачыларга жүктөлсүн жана жайыт пайдалануудан түшкөн каражаттардын эсеби 764,7 миң сом өлчөмүндө ( анын ичинен жайыт жер салыгы 89,7 миң сом,жайыт жерлердин ижара акысы 65,0 миң сом)№10тиркемеге ылайык жалпы жайыт комитетинин чыгашасы 493,миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын 31.01.2012-жылдагы №66 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлеринин штаттык бирдиги №11 тиркемеге ылайык кармалсын жана эмгек акы төлөө фонду 623,4 миң сом,соц фонд 107,6 миң сом өлчөмүндө 11 штат бирдиги менен бекитилсин.
Турак-жай жана коммуналдык кызматтар бөлүмүнүн штат бирдиги №12 тиркемеге ылайык эмгек акы 417,0 миң сом,соц фонд 71,9 миң сом өлчөмүндө 7,5 штат бирдиги менен бекитилсин.
Сапар чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 26.08.2008-жылдагы №471 жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.05.2016-жылдагы №241 токтомдоруна ылайык жумшалсын.
Айыл өкмөтүнүн кызматтык авто унаасынын чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.12.2011-жылдагы №767 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын 18.09.2006-жылдагы №672 токтомдоруна ылайык жумшалсын.
2019-жылга башкаруу бөлүмүнүн 2212 беренеси 34,9 миң сом2214 беренеси 192,0 миң сом,2215 беренеси 3289,7 миң сом,2221 беренеси 65,0 миң сом,чарбалык буюмдарды 2222 беренеси 128,2 миң сом,имараттар жана курулмалар 3111 беренеси 200,0 миң сом 3112 беренеси 278,0 миң сом өлчөмүндө №13 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2019-жылга турак-жай коммуналдык чарбасынын чыгымдары 2214 беренеси 162,0 миң сом 2215 беренеси ар түрдүү чыгымдар суммасы 20,0 миң сом ,учурдагы ремонт 2221 беренеси 1363,2 миң сом,имараттар жана курулмалар 3111 беренеси 3700,0 миң сом өлчөмүндө №14 тиркемеге бектилилсин.
2019-жылга маданият бөлүмүнүн чыгымдары №15 тиркемеге ылайык жалпысы 1343,7 миң сом;аны ичинен 2211 беренси 7,7 миң сом,2221 беренеси 8,0 миң сом,2222 беренеси 13,8 миң сом,2231 беренеси 18,2 миң сом,3112 беренси 10,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2019-жылга билим берүү бөлүмүнүн чыгымдары 2212 беренеси байланыш кызматы 40,0 миң сом,ижара акысы 2213 беренеси 180,0 миң сом,ар түрдүү чыгымдар 2215 беренеси 179,2 миң сом,имараттар жана курулмалар чыгымдары 3111 беренеси 100,0 миң сом,мүлктү учурда оңдоо 2221 беренеси 278,2 миң сом,чарбалык буюмдарга 2222 беренеси 158,0 миң сом,көмүр сатып алуу 2224 бернеси 640,0 миң сом,2231 беренеси 1663,2 миң сом,3112 беренеси 184,0 миң сом өлчөмүндө №16 тиркемеге бекитилсин.
2019-жылга элге социалдык коргоо бөлүмүнүн чыгымдары 2721 беренеси 539,0 миң сом өлчөмүндө №17 тиркемеге ылайык бекитилсин.
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы ата-энелерден 1 күн үчүн төлөнүүчү каражат Күн-Нуру,Ай-Нуру,Разыбек,Муратбек МЧББУ ларга 30 сом өлчөмүндө төлөө белгиленип,чогулган акча каражаты бюджетке толугу менен төлөнүп иштетүү жагы уюмдардын жетекчилерине милдеттендирилсин,аталган тартип бузуулар аныкталса 100%республикалык бюджетке чегерүү белгиленсин.
Ж.Бөкөнбаев атындагы балдар үйүндөгү балдар бакчасынын тамак-аш продуктылары Республикалык бюджет эсебинен суралсын,атайын каражаттар эсебинен түшүүчү 617,6 миң сомго төлөмдөр планы азайтылсын.
Мамлекеттик фондунун жерлеринен түшүүчү аренда акыларды жана салыктарды өз убагында толук өндүрүү жагын камсыз кылуу ар бир участканын айыл башчысына,ага салык инспекторуна жеке милдеттендирилсин.
2019-жылдын чыгаша бөлүгүндө көрсөтүлгөн бюджеттин чыгымдарын аткаруу Кыргыз Республикасынын 03.04.2015-жылдагы Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамына ылайык каржылоо жана максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мурзабековго милдеттендирилсин.
Бекитилген бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык жүргүзүлсүн.
Айылдарга иш план боюнча бөлүнгөн каражаттардын МСА порталынан үнөмдөлгөн көлөмү,башка айылдардын чечилбей калган муктаждыктарына жумшоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мурзабековго милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага | Э.Тайтекеев |