Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
7-чакырылышынын 22-сессиясы
2019-жылдын 14-февралы № 1
Жалал-Абад шаарынын 2019-жылга шаардык бюджетин бекитүү жана 2020-2021-жж. бюджетинин болжолу (прогноз) жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын 2019-жылга шаардык бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрү, шаардык бюджеттин 2020-2021–жылдардагы бюджетинин болжолу (прогноз) 26.12.2018-ж. «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга Республикалык бюджети жана 2020-2021 жж. жөнүндө болжолу жөнүндө» № 112-мыйзамы, 16.05.2016-ж. № 59 «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин», 30.05.2016-ж. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү» № 75-мыйзамынын, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131- токтомуна жана башка укуктук актыларга ылайык, бюджеттик мекеме уюмдарынын берген долбоорлорунун негизинде түзүлүп, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын кеңешмесинде каралып, депутаттардын шаардык кеңешинин XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын 2019-жылга шаардык бюджетинин кирешелер бөлүгү 474 675,6 миң сомду, анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер 79 067,2 миң сомду, чыгаша бөлүгү 474 675,6 миң сом, анын ичинен атайын төлөм боюнча чыгашалар 79 067,2 миң сом өлчөмүндө № 1, № 2, № 2а тиркемелеринин негизинде бекитилсин.
2. 2020-2021-жылдардын бюджетинин болжолу (прогноз) №1-тиркемеге ылайык жактырылып, 2020-2021-жылдарга жактырылган бюджеттин болжолу ар бир так мезгилде аларды кабыл алганда такталууга жатат.
3. 01.01.2019-жылга калган калдыктын эсебинен каржылоо № 3-(бюджет), № 4- (атайын төлөмдөр) тиркемелерине ылайык бекитилсин.
4. «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 24-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн көлөмүнө карата 1% чейинки жергиликтүү бюджеттин резервдик фонду 3000,0 миң сом өлчөмүндө түзүлсүн жана пайдалануунун багыттары жана көлөмдөрү жөнүндө чечим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» талаптарына ылайык кабыл алуу жагы белгиленсин.
5. № 2-тиркемедеги үлүштүк каржылоого каралган 9300,0 миӊ сом республикалык бюджеттен бөлүнүүчү түрткү берүүчү гранттан жеӊишке ээ болгон долбоорлордун каржылоосуна 30% үлүштүк каржылоосу бөлүнгөндүгү эске алынсын жана жыл ичинде Жалал-Абад шаарынын ар түрдүү маселелерине жергиликтүү тургундар тарабынан демилгеленген долбоорлорду жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан түзүлгөн комиссиянын жактыруусу менен мэриянын буйругунун негизинде каржыланары белгиленсин.
6. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюуга каралган 250,0 миӊ сом акча каражаты мэриянын алдында түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде шаар мэриясынын буйругунун негизинде каржылансын.
7. Жалал-Абад шаарынын атынан ар түрдүү спорттук мелдештерге жөнөтүлгөн спортчуларды окуган окуу жайынын башчысынын окуудан бошотуу жөнүндөгү буйругунун негизинде жана шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн макулдугу менен жиберүү жагы жөнөтүүчү мекемеге милдеттендирилсин .
8. Жалал-Абад шаарындагы «Газпром» тарабынан курулган спорт комплекске каралган 2443,8 мин сом акча каражаты мэриянын буйругунун негизинде муниципалдык менчикке (баланска) кабыл алынгандан кийин каржылоо жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгына милдеттендирилсин.
9. Шаардык бюджеттин эсебинен ар бир мугалимге ай сайын коммуналдык чыгымдарын төлөө үчүн компенсация 2019-жылдын 1-январынан тартып 500 сомдон төлөп берүү, мугалимдер күнүнө карата ар бир мугалимге, бала бакчалардын тарбиялоочуларына 2000 сомдон төлөп берүү шаардык билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.
10.Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө бала бакчаларга афганчылардын, ата-энеси майыптардын, Баткен согушунун катышуучуларынын балдарын, I-II-даражадагы майып балдарды, тоголок жетимдерди 100%га, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн (ата-эненин карамагында 18 жашка чыга элек төрт жана андан ашык болгон), турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдарын 50% га ата-эне акысынан (родплата) жана ар түрдүү жыйымдардан толугу менен бошотулсун.
11.Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин штаттык бирдиктеринде кошумча үстөк акылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомунун 4-пунктунун 4-пунктчасына ылайык төлөп берүү жагы мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилсин.
12.Жалал-Абад шаарынын бюджетинен каржыланган мекемелердин штаттык бирдиктери токтомдо тиркелген № 5, № 6, № 7, № 8, № 9, № 10 -тиркемелерге ылайык өзгөртүү толуктоолор менен бекитилсин жана кызматтык пайдалануу үчүн (КПҮ) колдонулуусу белгиленсин. Штаттык бирдиктерин тактоо жагы тиркемелерде аталган мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилсин.
13.Атайын эсептен каржыланган «Жалал-Абад Тазалык» мекемесинин штаттык бирдиктери №11–тиркемелерге ылайык бекитилсин жана кызматтык пайдалануу үчүн (КПҮ) колдонулуусу белгиленсин.
14.Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Маалымат борборунун атайын эсебинен каржыланган 0,5 курьер штат бирдиги жоюлгандыгы эске алынсын жана 1 штат жыйноочу бирдигин каржылоо мекеменин атайын эсебиндеги калдыктын эсебинен чыгымдалсын.
15.Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин муниципалдык кызматка кирбеген штат бирдиктерине кошумча үстөк акылар эмгек акынын аздыгын эске алуу менен штат бирдиктеринде көрсөтүлгөн үстөк акыга ылайык төлөп берүү жагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин.
16. «Жалал-Абадсууканал» мекемесине бөлүнгөн жалпы 16000,0 миӊ сом жергиликтүү бюджеттиин эсебинен кредитти кайтарууга каржылап берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгына милдеттендирилсин жана 2019-жылга калган кредиттин кайтарымын толугу менен 2020-жылга кредитордук карызы жок чыгуу Жалал-Абад сууканал башкармалыгынын жетекчиси Т. Бакировго милдеттендирилсин.
17.Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекеме-ишканалардын жеӊил автоунааларына, жана атайын техникаларына каралган (запастык) тетиктерди мекеменин алдында түзүлгөн атайын комиссиянын (комиссиянын курамы 7 адамдан кем эмес) иштетилген тетиктерди пайдаланууга жараксыз деген актысынын негизинде тендерге берүү жагы мекеменин жетекчисине милдеттендирилсин жана эсептөө палатасы келгенге чейинки жараксыз деп табылган тетиктерди сактоого алуу жагы мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилсин.
18.Билим берүү бөлүмүнө караштуу үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражатты (тамак аш чыгымдарынан сырткары) билим берүү бөлүмүнүн алдында түзүлгөн комиссия менен бирге чыгымдоо жагы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы. Калчаевге жүктөлсүн жана көзөмөлдөө жагы социалдык тармакты тейлеген вице-мэрге милдеттендирилсин. Комиссиянын курамына мэриянын, шаардык кеӊештин кызматкерлерин жана депутаттарды (макулдашуу менен) кошуу жагы билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.
19.Жалал-Абад шаарындагы бала-бакчаларга төлөнүүчү ар түрдүү төлөмдөрдү накталай эмес төлөөгө өткөрүүгө жана бала-бакчага балдарды кабыл алууда электрондук форматка 3 айлык мөөнөт ичинде өткөрүү жагы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы. Калчаевге жана мэрдин орун басары Р. Алтымышевго жүктөлсүн жана 6 айдын жыйынтыгы менен шаардык кеӊешке отчет берүү жагы милдеттендирилсин.
20.Жалал-Абад шаарындагы орто мектептерге балдарды кабыл алууну электрондук кезек менен иштөө тартибин 2 айлык мөөнөттө электрондук форматка өткөрүү билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаевге жана мэрдин орун басары Р. Алтымышевго милдеттендирилсин.
21.Кайрымдуулук борборунун жетекчисине (Т. Чойбеков) жергиликтүү бюджеттен Жалал-Абад шаарынын туруктуу каттоодо турган тургундарына берилген материалдык жардамдар акчага муктаж болгон оорулуу жарандарга, I, II тайпадагы майыптарга, социалдык коргоо башкармалыгында жакыр үй бүлө катары каттоодо турган жашоо шарты оор үй бүлөлөргө төлөп берүү жагы милдеттендирилсин. Ал эми материалдык жардамдын суммасы 10,0 миӊ сомдон ашкан кезде атайын түзүлгөн комиссиянын корутундусунун негизинде оор орулууларга дарылануу үчүн берүү жагы сунушталсын.
22.Жалал-Абад шаардык керек жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин атайын эсебиндеги каражаттан 1000,0 миӊ сомду Строй-Маркет базарынын имаратынын чатырын жабуу үчүн Жалал-Абад шаардык капиталдык курулуш департаментине жана атайын эсебиндеги жыл башында калган калдыктын эсебинен 290,7 миӊ сом муниципалдык менчик башкармалыгына шаардын генералдык планын жасаган жумушу үчүн пайда болгон карызды төлөөгө которуп берүү жагы департаменттин жетекчиси А.Дуйшеевге милдеттендирилсин.
23.Жалал-Абад шаарынын тургуну, спорттун грек-рим күрөшү боюнча РФнын Новосибирск шаарында болуп өткөн Эл аралык турнирде 1-орундун ээси Түгөлбаев Кайратбекти материалдык жактан колдоо максатында 100,0 миӊ сом акча каражатын Жалал-Абад шаардык дене тарбия жана спорт комитети аркылуу бөлүп берүү жагы мекеменин жетекчисине милдеттендирилсин.
24.Жалал-Абад шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш департаментинин 2019-жылга каралган сметасында 2018-жылы Ленин-Н.Айтматова көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер астынан өтүүчү өтмөктүн сметасында кетирилген техникалык катачылык үчүн 5786,2 миӊ сом акча каражатын төлөө шаар мэриясынын алдындагы объектини кабыл алган комиссиянын корутундусунун негизинде төлөнөөрү белгиленсин. Кабыл алган комиссиянын корутундусу канааттандырарлык эмес чыккан учурда тийиштүү органдарга өткөрүү жагы Жалал-Абад шаарынын аткаруу бийлигине жүктөлсүн.
25.2019-жылы курулуш иштерине кошумча жумуш (доп.работа) аткаруу зарылдыгы пайда болгон учурда шаардык кеӊештин бюджет, экономика, каржы, салыктар жана курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссияларынын кароосуна киргизүү Жалал-Абад шаарынын аткаруу бийлигине милдеттендирилсин.
26.Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекеме-ишканалардын жетекчилерине 2019-жылга бекитилген планды шаардык кеӊештин макулдугу жок өзгөртүү же кошумча (каралбаган) иш-чараларды аткарууга тыюу салынсын.
27.Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинен бөлүнгөн каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында шаардык мекемелерди оптималдаштыруу боюнча бир айлык мөөнөттө сунуш берүү Жалал-Абад шаарынын аткаруу бийлигине милдеттендирилсин.
28.Экономикалык классификация боюнча №2, №2-а, №3, №4-тиркемелердеги аткарыла турган жумуштардын багытын өзгөртпөй, беренелерди мыйзамдаштыруу максатында жылдыруу жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгына милдеттендирилсин.
29.Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин жетекчилерине тендер аркылуу түзүлгөн келишимде алдын ала төлөөлөрдү 20% ашырбоо жана калган каражатты жасаган ишке жараша төлөө, ал эми 20% акча каражаты (жеӊишке ээ болгон подрядчынын кепилдикке төгүлгөн каражаты менен кошо) (курулуш иштерине) аткарылган иштерди толук мекемеге өткөрүп алгандан кийин төлөө жагы мекеменин жетекчисине милдеттендирилсин.
30.Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыкка жыл ичинде каралган сметасынын чегинде кызматтык автоунаа алууга уруксат берилсин.
31.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
32. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, финансы жана салык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
33.Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Джолдошев |