Загрузка документа…
АК КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-июну № 66/IX-27
Ак-Кудук айылдык округунун калкын медициналык жактан тейлөөнүн абалы жөнүндө
“Ак-Кудук айылдык округунун калкын меддициналык жактан тейлөөнүн абалы жөнүндө” маалыматты угуп жана талкуулап, ФАПтардын кызматкерлери тарабынан калкка медициналык кызмат көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын Ак-Кудук айыл өкмөтү белгилейт. Балдарды эсепке алуу жакшы жолго коюлган, эмдөөлөр өз убагында жасалат, майыптардын тизмелери, бейтаптардын категориялары боюнча тизмелер бар.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Ак-Кудук айылдык округунун калкын меддициналык жактан тейлөөнүн абалы жөнүндө” маалыматы эске алынсын.
2. Ак-Кудук айыл өкмөтү ФАПтарга жабдыктарды (столдорду, текчелерди, шкафтарды, отургучтарды, титандарды) алууга жардамдары көрсөтүлсүн.
3. Ушу чечимдин аткарылышын көзөмөл жүргүзүүнү социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | У.Суваналиев |