Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-декабры № 1
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Сабыржанов Эркинбек Мэражидиновичтин айыл өкмөттүн 2019-жылга карата бюджетинин долбоору боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 23-сессиясынын кезектеги отуруму карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 36 960 000 сом болуп бекитилип, ал эми бюджетинин чыгаша бөлүгү төмөнкүдөй бөлүнүп жумшалсын
- аппарат 11 614 977 сом
- аппарат атайын каражатка75000 сом
- ЖКХ 7 673 703 сом
- коргонуу 400 000 сом
-мектептерге 6 376 420 сом
-маданий иш чараларга 432 000 сом
- бала бакчаларга 6 693 883 сом
-бала бакча атайын каражатка 2 016 000 сом
-клубтарга 530 263 сом
-китепканаларга 481 054 сом
-жайытка 426 700
-социалдык коргоого 240 000 сом бөлүнүп жумшалсын.
2. Корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, дары дармек жана тамак-аш азыктарын сатып алуу, көмүр отун жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
3. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аппаратына 30 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 3 штат.Клубтарга 6 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 2 штата.
Китепканаларга 4 штаттык бирдик каралсын.
4. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө 1 ветеринеардык врач бир жылга контрактык негизде алынсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өнөр-жай курулуш, транспорт, сода байланныш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Сабыржановко жүктөлсүн.
6. Ушул Токтом расмий жарыяланууга жатат жана 2018-жылдын 29-декабрынан тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Маматназаров |