Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын 23-сессиясы
2018-жылдын 29-декабры № 2
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин жана жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайдын жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджетинин долбоору боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 23-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджетинин кирешеси 607 020 сомго ал эми чыгаша бөлүгү 607 020 сом болуп бекитилип төмөнкүдөй бөлүнүп жумшалсын.
-жайыт комитетинин төрагасынын эмгек акысына 140 000 сом
-жайыттардын инфра түзүмүнө 189 090 сом
-сапар чыгымына 25 000 сом
-социалдык чегерүүгө 32 430 сом
- транспорт чыгымы 20 000 сом
- токойчулук менен келишимге15 000 сом
- конц товарга 7000 сом
-бухгалтердин эмгек акысына 48000 сом
- жер салыгына130 500 сом.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |