Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын 23-сессиясы
2018-жылдын 29-декабры № 3
ОсОО Юнион Пласт ишканасына асфальт заводун куруу үчүн жер берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин ОсОО “Юнион Пластка” асфальт заводун куруу боюнча Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Дароот-Коргон айылынын мал базарынын жанынан жер берүү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 23-сессиясынын кезектеги отуруму карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө ОсОО “Юнион Пластка” асфальт заводун куруу үчүн жер бөлүп берүүсүнө макулдук берилсин.
2. ОсОО “Юнион Пластка” жер бөлүп берүүдө Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” негизинде мыйзамдуулугун кароо айыл өкмөттүн башчысы Т.Жайчибековко жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |