Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын 23-сессиясы
2018-жылдын 29-декабры № 4
Чак айылындагы ат майданына «Галбай чабандес атындагы ат майданы» наамын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак айылынын жашоочуларынын Чак айылындагы Ак-Суур участкасынын астында жайгашкан Көк-Суу дарыясынын жанындагы таштуу сайга тактап айтканда улак жайга Галбай чабандес атындагы ат майданы наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштарын Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 23-сессиясынын кезектеги отуруму карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чак айылынын жашоочуларынын Чак айылындагы Ак-Суур участкасынын астында жайгашкан Көк-Суу дарыясынын жанындагы таштуу сайга тактап айтканда улак жайга Галбай чабандес атындагы ат майданы наамын ыйгаруу жөнүндө 2018-жылдын 21-ноябрындагы пртотоколу эске алынсын.
2. Чак айылындагы Ак-Суур участкасынын астында жайгашкан Көк-Суу дарыясынын жанындагы таштуу сайга, улак жайга Галбай чабандес атындагы ат майданы наамын ыйгарууга макулдук берилсин.
3. Тиешелүү иш кагаздарын тактоо жана улак жайдын иштешин камсыз кылуу Абдилдаев Абдимаматка милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын
Төрага | Н.Маматназаров |