Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын 23-сессиясы
2018-жылдын 29-декабры № 3
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы кош бойлуу аялдарга колдоо көрсөтүү жөнүндө
КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 27-апрелиндеги №10-к токтомун жана Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 26-июнундагы № 120 буйругунун ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 3-декабрындагы 2-пунктуна ылайык Чоң-Алай районунда «Аялдарга кош бойлуу мезгилинде, төрөт учурунда жана төрөттөн кийинки учурларда көрсөтүлгөн акушердин-гинекологиялык кызматтардын абалы жөнүндө» кароо жана колдоо жөнүндө Т.Жайчибековдун сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 24-сессиясынын кезектеги отуруму карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Аялдарга кош бойлуу мезгилинде, төрөт учурунда жана төрөттөн кийинки учурларда колдоо көрсөтүү жана социалдык жактан аз камсыз болгон, көп балалуу, жалгыз бой жана майып аялдарга материалдык жардам көрсөтүү айыл өкмөт башчысы Т.Жайчибековго милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Социалдык маданий маселелер жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Маматназаров |