ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-сентябры № 13/12
Таштанды чогултууга баа коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31 –беренесинин негизинде жана Чүй айыл өкмөтүнүн турумуш –тиричилик бөлүмүнүн өндүрүштүк зарылчылыгына байланыштуу Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Курулуш таштандыларын, мал –жаныбырлардын кыктарын, күл (зала), чырпык, чөп чарларын таштандыларга салбоого, 1 (бир) кожолукка жумасына 3 (үч) кап (мешок) чек коюп, ошондой эле 3 (үч) каптан ашык каптын ар бирине 10 (он) сомдон кошумча акча каражаты бекитилип берилсин.
- Чүй айылында жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдөн чыккан таштандылар үчүн 1 (бир) айга 1(бир) кишиге 20 (жыйырма) сом өлчөмүндөгү тарифти коюу менен таштандыларды Чүй айыл өкмөтүнүн балансындагы жаңы алынган таштандыларды ташуучу (мусоровоз) автоунаа менен чыгарылсын.
- Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык Кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы А.Иманалиевага жүктөлсүн.