Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-сентябры № 13/13
Чүй айыл өкмөтүнүн балансында турган негизги каражаттарды иштен чыгаруу (списание) жана автоунааларды сатуу боюнча Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик Агенттигинин 2018–жылдын 6-апрелиндеги «Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды иштен чыгаруу (списание) жана автоунаалар каражаттарын сатуу боюнча Жобосу жөнүндөгү» №41 Буйругунун негизинде Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды иштен чыгаруу (списание) жана автоунаалар каражаттарын сатуу боюнча Жобосу бекитилсин.
2. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык Кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы А.Иманалиевага жүктөлсүн.
Төрага | З.Амангельдиев |