Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-октябры № 14/1
Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2018-жылдын иш планын бекитүү жөнүндө
Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин сунуш кылынган иш кагаздарын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ» Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Чүй айылдык кеңешинин Регламентинин негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2018-жылдын иш планын №1 - тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык Кеңешинин жер жана агрардык комитетинин төрагасы Р.Токомбаевге жана Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы С.Сулаймановго жүктөлсүн.
Төрага | З.Амангельдиев |