Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-октябры № 14/2
Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2018-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы С.Сулаймановдун 2018 –жылга карата Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана жайыт пайдалануучулардын 2018-жылдын 30-январындагы жыйналышынын чечиминин негиз кылып, Чүй айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2018-жылга бюджетинин суммасы 228 489 миң сомго бекитилсин. Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү Токтомго кошумча тиркелет.
2. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө иши Чүй айылдык кеңешинин бюджет, каржы комитетинин төрайымы А.Иманалиевага, Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы С.Сулаймановго жүктөлсүн.
Төрага | З.Амангельдиев |