Редакцияот 26.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 26-октябры № 14/3

Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесине ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүжөнүндөгү келишимди бекитүү жөнүндө

Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы С.Сулаймановдун билдирүүсүн угуп талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Чүй айыл өкмөтүнүн жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча Чүй айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктары 2020-жылга чейин өткөрүп берүү жөнүндөгү келишим бекитилсин.

2.Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну Чүй айылдык кеңеш тарабынан расмий бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдентендирилсин.

3.Жайыт комитетинин төрагасы Жайыт комитетинин бардык мүчөлөрүнө, жайыт пайдалануучуларга, Чүй айыл өкмөтүнө, жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтүү расмий өкүлчүлүктөрүнө Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду, маалыматтарды берип туруусуна милдетүү.

4.Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын.

5. жайыт Комитетине АРИС тарабынан бөлүнүп жаткан гранттык акча каражатына атайын техника алынуусу каралсын.

Бул токтомдун аткарылышын айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Токомбаевге жүктөлсүн.

 

Төраганын орун басары

Р. Алиев